ГИНЕКОЛОГИЯ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
17:18, 24 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГИНЕКОЛО́ГИЯ (гр. gуnе – аял ж-а ...логия) – медицинанын аял организминин анат., физиол., психикалык өзгөчөлүктөрү, о. эле жыныс органдарынын физиологиясы, патологиясы, жыныс ооруларын дарылоо ж-а алдын алуу чараларын изилдөөчү тармагы. Ал хирургия, эндокринология ж. б. м-н тыгыз байланыштуу. Жыныс органдарынын сезгенүү себептерин аныктоодо бактериологиянын өөрчүшү, айрыкча сүзөк козгогучтарынын ачылышы зор мааниге ээ болду. Г-нын башталышы байыркы Индия, Байыркы Грекия ж. б-дын жазуу мурастарынан белгилүү. 18-к-дан баштап өз алдынча илим катары калыптана баштаган. 19-к-дын аягында Г-лык ооруларды операция жолу м-н дарылоо методдору иштелип чыкты. 20-к-да теор. Г. чоӊ ийгиликке жетишкен. Гипофиздин, энелик уруктун ж-а бөйрөк үстүндөгү бездин гормондорунун ачылышы ж-а синтезделиши жыныс гормондорунун аял организмине тийгизген таасирин изилдөөгө, этек кир циклинин бузулушун дарылоодо гормондук терапияны колдонууга мүмкүндүк берди. Г-лык ооруларды алдын алуу максатында диспансердик байкоо, айрым оорулар жаӊы башталганда дарылоо жүргүзүп, рак оорусуна өтүп кетишин болтурбоо үчүн аракет жасоо зарыл. Жыныс органдарынын коркунучтуу шишиктерине нур терапиясы ж-а операция колдонулат. Г-нын татаал маселелери эл аралык конгресстерде талкууланат.