ГИРОКОМПАС

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
17:18, 24 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГИРОКО́МПАС (gyro-compass) – объектинин курсун, о. эле болжолдуу багыттын азимутун аныктап, меридиандын чыныгы (геогр.) багытын көрсөткүч (компас). Г-тын магниттик компаска караганда артыкчылыгы, геогр. (магниттик

уюлду эмес) түн. уюлду көрсөтөт. Анын көрсөтүүсүнө магниттик компаска караганда металл масса (темир, болот) ж-а электрмагиниттик талаалар аз таасир эткендиктен, тактыгы бир кыйла жогору келет. Анын иштөө принциби гироскоптун касиетине ж-а Жердин суткалык айлануусуна негизделген. Бул идея фр. окумуштуу Л. Фуко тарабынан 1852-ж. сунуш кылынган. Г. биринчи жолу 1908-ж. Герман Аншутц-Кемпфе (Германия) ж-а Сперри (АКШ) тарабынан бир убакта ойлонулуп табылган. Ал кемелерде колдонулат ж-а бардык самолёттордун стандарттык жабдууларына кирет.