ГЛАУБЕРИТ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
06:02, 2 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГЛАУБЕРИ́Т (немец химиги жана врачы И. Р. Глаубер ачкан глаубер тузунун атынан) – суусуз сульфаттар тобундагы минерал. Химиялык формуласы CaNa2(SO4)2. Моноклин сингониясында кристаллданат. Өӊү боз, саргыч, кызгылт, кээде түссүз, айнек сымал жалтырак. Катуулугу Моос шкаласы боюнча 3. С. салмагы 2,75. Сууда начар ээрийт. Туздуу көлдөрдө химиялык жол менен чөкмө түрүндө пайда болот. Көбүнчө таш туз кендеринде кезигет. Тоюткор туз катары жана химиялык сырьё үчүн колдонулат.

Глауберит минералы.