ГЛИССЕР
ГЛИ́ССЕР (фр. glisseur, glisser – сыйгалануу) – тез жүрүүчү жеӊил кеме. Г. жүрүп баратканда, түбү өзгөчө формада болгондуктан, гидродинамикалык күч тумшук жагын өйдөлөтүп, кеменин жогору көтөрүлүшүнө шарт түзөт (кеме суунун үстүндө калкып жүргөндөй таасир калтырат). Натыйжада кеменин түбүнүн суу м-н тийиш үү аянты азаят, кыймылга болгон каршылык төмөндөйт ж-а жүрүү ылдамдыгы жогорулайт. Г-де ичинен күйүүчү ж-а газ турбиналуу жеӊил кыймылдаткычтар орнотулат. Кыймыл бергич катары винттүү калактар, суу ыргыткычтар кызмат кылат. Г. жүргүнчү ташууда, коргоо кызматында, спортто, сейилдөөдө колдонулат.