ГЛОБАЛДЫК ЭКОЛОГИЯЛЫК ПРОБЛЕМАЛАР
ГЛОБАЛДЫК ЭКОЛОГИЯЛЫК ПРОБЛЕМАЛАР – глобалдык, региондук ж-а улуттук деӊгээлде катталган экол. проблемалардын жыйындысы. Ага Дүйнөлүк океандын булганышы, минералдык ресурстардын түгөнүшү, «озон тешиги», парниктик эффект, кислоталуу жаан-чачын, чөлдөшүү, топурак кыртышынын деградациясы, токойсуздануу, радиоактивдүү булгануу, кен таштандыларын сактоо проблемалары, эл аралык апаат аймактардын пайда болушу (Арал, Чернобыль ж. б.), өсүмдүк (лепидодендрон, сигиллярия ж. б.) м-н жаныбар (мамонт, тур, стеллер ую, баштыкчан карышкыр, дронт, саякатчы көгүчкөн, каролина тоту кушу ж. б.), түрлөрүнүн жоголушу, кылым оорулары («СПИД», рак, кант диабети ж. б.) кирет. О. эле к. Биосферадагы глобалдык проблемалар.