ГЛЮК
ГЛЮК Кристоф Виллибальд (2. 7. 1714‚ Бавария, Эрасбах – 15. 11. 1787‚ Вена) – немец композитору‚ скрипач, виолонгелист, музыкалык классицизмдин көрүнүктүү өкүлдөрүнүн бири. 107 операнын автору. Анын «Артаксеркс» (1741), «Орфей жана Эвридика» (1762)‚ «Альцеста» (1767)‚ «Парис жана Елена» (1770), «Ифигения Авлидде» (1774)‚ «Армида» (1777)‚ «Ифигения Тавридде» (1779) чыгармалары опера-серияны түп тамырынан өзгөртүүдө жана операнын жаӊы түрүн түзүүдө тарыхый роль ойногон. Ал Л. Керубининин‚ Л. Бетховендин‚ кийин К. Глюк Берлиоздун‚ Ф. Листтин‚ айрыкча Р. Вагнердин чыгармачылыгына таасир эткен. Кристоф Глюк көп кырдуу таланттуу музыкант болгон. Ал бир нече муз. аспаптарда ойногон‚ ырдаган‚ балет өнөрүнүн өзгөчөлүгүн



жакшы билген. Вена балетмейстери менен бирге бир нече хореографиялык драмаларды койгон. Ошондой эле көрүнүктүү опера дирижёру да болгон.