ГО

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
17:18, 24 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГО – 1) байыркы кытай жазма булактарында мамл. бирикменин аталышы. Байыркы мезгилде ж-а о. кылымдарда чет элдик жерлер ж-дө сөз болгондо колдонулган. Мис., б. з. ч. 201-ж. байыркы кыргыздар (гянгундар) мекендеген жер Г. деп аталган. 2) Хань династиясынын мезгилинде (б. з. ч. 202–б. з. 220-ж.) башка өлкөнүн башкаруу бийлик чөйрөсүн да Г. деп аташкан. Кытайдын жогорку бийлик чөйрөсү коӊшу чет мамлекеттердин эгемендүү укуктарын тааныбай, көз карандылыкта кармаганга аракет кылышкан ж-а алар өз өлкөсүн даӊазалап, бүт дүйнөнүн бийлөөчүсү, эӊ ири башчысы деп эсептешкен. Бул терминди ил. анализ кылууда орус окумуштуусу А. Г. Малявкиндин ж-а Кытай проф. Ху Чжен Хуанын салымы зор.
К. Табалдиев.