ГОБЕЛЕН
ГОБЕЛЕ́Н (фр. gobelin) – Париждеги гобелендик деп аталган мануфактурада (1662-жылы негизделген) дубалдарды кооздоо үчүн даярдалган жогорку көркөмдүк сапаттагы, колго токулган килем (к. Шпалер). Боёкчу Гобелендердин ысмынан аталган. Көрүнүктүү Париж Гобелени 17-к-да ири сүрөтчүлөрдүн сүрөттөрү (картондор) боюнча иштелип чыккан жана татаал көп фигуралуу композицияларды чагылдырышкан. Гобелендин мыкты көргөзмөсү Санкт-Петербургдагы Эрмитажда сакталган. Кеӊири мааниде – өндүрүлгөн мезгили
орду, мүнөзүнө карабастан, жогорку көркөм сапаттагы жана көбүнчө, татаал көркөм сүрөттөр түшүрүлүп согулган бардык килемдер, материалдар.

картону боюнча. 18-к. Эрмитаж. Санкт-Петербург.

