ГОЛОЦЕН
ГОЛОЦЕ́Н (гр. hjlos – баарысы ж-а kainjs – жаӊы) – азыркы кездеги геол. доор; Жердин геол. тарыхындагы антропогендин (төртүнчүлүк мезгилдин) бүтө элек, акыркы бөлүгү. Башталышы Түн. Европадагы материктик муз каптоолордун аяктаган мезгилине туура келет.