ГОЛЬФСТРИМ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
17:18, 24 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГОЛЬФСТРИ́М (англ. gulf – булуӊ ж-а stream – агым) – Атлантика океанынын түн. бөлүгүндөгү жылуу агымдар системасы. Флорида кысыгынын түш. бөлүгүнөн башталып, Мексика булуӊунан агып чыгып, Түн. Американын Атлантика океаны жак жээгин бойлой түндүктү карай Чоӊ Ньюфаундленд банкасына чейин агат да, андан ары Түндүк Атлантика агымы деп аталат. Флорида ж. а-нан Шпицберген, Жаӊы жер а-на чейинки жалпы уз. 10 миӊ кмдей. Г-дин Флорида кысыгындагы чыгымы 25 млн м3/сек. Океанда ал Антил агымы м-н биригет да, 38􀁱түн. кеӊдикте чыгымы 82 млн м3/секга жетет. Агымдын жазылыгы түштүгүндө 75 км, тереӊдиги 700–800 м, ылдамдыгы 300 см/секга, суунун бетиндеги темп-расы 24°Сден 28°Сге чейин, Чоӊ Ньюфаундленд банкасы тушта жазылыгы 200 кмге, ылдамдыгы 80 км/секга, суунун бетиндеги темп-расы 10°Сден 20°Сге чейин жетет. Чоӊ Ньюфаундленд банкасынын түш. четинде Г-ге түндүктөн муздак Лабрадор агымы жакындап, эки агым беттешкен жерде суу аралашып, үстүнкү суу төмөн түшөт. Г. системасына Түн. Атлантика агымынан башка Норвег агымы, Ирмингер агымы, Нордкап агымы кирет. Г-дин суусу Шпицбергендин түндүгүндө төмөн чөккөндөн кийин Түн. Муз океанда аралык жылуу суу катмарын пайда кылат. Жылуу агымдардын системасы Атлантика океанынын түн. бөлүгүнүн ж-а Түн. Муз океандын климатына, гидрол. ж-а биол. шартына, о. эле Европанын климатына чоӊ таасирин тийгизет.
Ад.: Гершман И. Г. Гольфстрим и его влияние на климат// «Метеорология и гидрология», 1939, ¹7–8.