ГОМОЛОГИЯ
ГОМОЛО́ГИЯ ( гомо... ж-а ...логия) п р о е к ц и я л ы к г е о м е т р и я д а – проекциялык тегиздикти өз ара бир маанилүү проекцияга өзгөртүп түзүү; мында Г. огу кыймылсыз бойдон калат. Г-да теӊдеш өзгөртүп түзүү болуп эсептелбеген бардык тиешелүү чекиттерди туташты

руучу түз сызыктар (А ж-а А, В ж-а В) Г-нын борбору болгон S чекитинде, ал эми тиешелүү түз сызыктар (АВ ж-а АВ) Г. огунда кесилишет. Эгерде S борбору Г. огунда жатпаса, анда Г. өзгөчө эмес (гиперболалык); Г. огунда жатса, анда өзгөчө (параболалык) деп аталат (к. сүрөт). Г. адатта S борбору, огу ж-а дал келүүчү А, Аэки чекити м-н берилет. Г. өздүк (чектүү) борбору ж-а өздүк эмес (чексиз алыстатылган) огу м-н берилсе гомотетия, өздүк эмес борбору ж-а өздүк огу м-н берилсе параллель которуу болот. Тегиздикти ар кандай проекциялык өзгөртүп түзүү эки өзгөртүп түзүүнүн – Г-нын ж-а жылдыруунун көбөйтүндүсү болот. Г. т о п о л о г и я д а – көптүктөрдү чектөө ж-дөгү элестетилген көз карашты формалдаштыруу.