«ГРАНД-ОПЕРА»

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:51, 22 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

«ГРАНД-ОПЕРА́» (Grand Opera) (расмий аталышы – Музыка м-н бийдин улуттук академиясы) – Париждеги мамл. опера театры, Европадагы эӊ ири акад. опера театрларынын бири. 1669-ж. негизделген. 17–19-к-да түрдүү имараттарда иштеген, 1875-ж. жаӊы театр имаратына (арх. Ш. Гранье) ээ болгон. Ошол жылдан азыркы атында. «Г.-О.» француз улуттук операсынын түрдүү жанрда (лирикалык трагедия, опера-балет, чоӊ опера ж. б.) өнүгүүсүнө шарт түздү, анда көрүнүктүү аткаруучулар, артисттер өнөр көрсөтүп турушат.