ГРИШИН

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:23, 10 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГРИ́ШИН Иван Александрович (21. 7. 1918, РСФСР, Түркстан АССРи, Жети-Суу облусу, Пишкек уезди, Васильевка кыштагы – 13. 12. 2006, Кыргызстан, Бишкек) – гвардия майору, Советтер Союзунун Баатыры (1945). 1938-жылы Советтик Армияга чакырылган. Улуу Ата Мекендик согушта Суворов ордендүү Кызыл Туулуу 39-гвардиялык аткычтар дивизиясынын 112-гвардиялык Люблинен аткычтар полкунда батальондун командири. Түндүк Кавказ, 3-Украин, 1-Белорус фронтторунда салгылашкан. Берлинди штурмалоого катышкан. И. Гришин командалык кылган батальон Шпре дарыясынын батыш жээгине биринчилерден болуп өтүп, плацдармды ээлөө менен башка бөлүктөрдүн жоготуусуз өтүүсүн камсыз кылган. Бул салгылашта И. А. Гришин жеке өзү бир нече гитлерчилерди жок кылган. Ленин, Кызыл Жылдыз, 1–2-даражадагы

Ата Мекендик согуш ордендери жана медалдар менен сыйланган.