ГРАНИН

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:51, 22 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГРА́НИН (өз фамилиясы – Герман) Даниил Александрович (1. 1. 1919, Курск обл., Волынь кыш. – 4.7.2017, Санкт-Петербург, Россия) – жазуучу, киносценарист, коомдук ишмер. СССР мамл. сыйл. лауреаты (1976), Россия мамл. сыйл. лауреаты (2001, 2016). Соц. Эмг. Баатыры (1989). 1940-ж. Ленинград политех. ин-тун бүтүргөн. Чыг-лыгы 1949-жылдан башталган. «Издөөчүлөр» (1954), «Чагылган менен беттешүү» (1962) романдарында ил.-тех. чыг-лыкта иштеген адамдар ж-дө баяндайт. «Инженер Корсаковдун жеӊиши» (1949), «Экинчи вариант» (1949), «Ярослав Домбровский» (1951), «Жеке ой» (1956) аттуу аӊгеме, повесттери ж-а «Күтүүсүз таӊ» (1962), «Жолбашчынын эскертүүсү» (1967) очерктери; көркөм документ чыгармалары («Таӊкаларлык өмүр», 1974; «Клавдия Вилор», 1976; СССР мамл. сыйл., 1978), «Үйлөнүү тоюнан кийин» (1958), «Картина» (1980), «Россияга качуу» (1994), «Белгисиз адам» (1990) аттуу романдары бар. Ордендер ж-а бир нече медалдар м-н сыйланган.