БУЛБУЛ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:56, 11 Май (Бугу) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БУЛБУЛ (Luscinia) – таркылдак сымалдар тукумунун уруусу. Узундугу 20 см. Кадимки Булбул жана түштүк Булбулу деген 2 түрү бар. Келгин куш, көбүнчө суу жээгиндеги бадалдуу токойлордо, камыштуу саздарда, арчалуу, бадалдуу жерлерде жашайт. Курткумурска, чымын-чиркейдин личинкаларын жейт. Түштүк Булбулу Кыргызстанга да келип уялайт, уясын жерге же дүмүргө салат, 4–5 жумуртка тууйт. Апрель – май айларында келет да,

сентябрь – октябрда жылуу жактарга учуп кетет. Эркеги кубулжутуп сайрайт.