БУТЕНДЕР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:27, 23 Май (Бугу) 2024 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БУТЕНДЕР , б у т и л е н д е р, С4Н8 – газ абалындагы каныкпаган углеводороддор. Үч изомери белгилүү: -бутилен же кадимки бутен-1, СН2=СН–СН2–СН3 – 6,25°Сде, -бутилен, бутен-2 (транс- же цис-формада), СН3–СН=СН–СН, 3,72°Сде, изобутен (СН3)2С=СН2 – 6,9°Сде кайнайт. Бутендер сууда начар, органикалык эриткичтерде жакшы эрийт. Аларга олефиндерге тиешелүү бардык химиялык касиеттер мүнөздүү. Суутек, галогендер жана галогендүү суутектер менен реакцияга кирет, абада окистенип, бутилен оксидин пайда кылат. Бутендер катализатордун таасири менен изомерлөө жана полимерлөө реакцияларына кирет. Өндүрүштө бутендер бензинди же этиленди катализ же крекинг жолу менен өндүрүүдө жардамчы зат катары, ошондой эле суюк нефть заттарын жана нефть газдарын пиролиздөөдөн алынат. Алар суюк отун, бутадиен, изопрен, бутил каучук, полиизобутилен, полибутендер, метилэтилкетон, антиоксиданттар ж. б. заттарды алууда колдонулат.