БУТЛЕРОВ Александр Михайлович
БУ́ТЛЕРОВ Александр Михайлович [3 (15). 9.1828 – 5 (17). 8. 1886] – орус химиги, органикалык бирикмелердин түзүлүш теориясын негиздөөчү. Казандагы химик-органиктер мектебинин жетекчиси. 1849-жылы Казан университетин бүтүп, ошол эле жерде мугалим, 1854-жылы экстраординар, 1857-жылы ординар профессор, 1860- жана 1963-жылдары ректору, 1868–85-жылдары химия боюнча Петербург университетинин ординар профессору, 1884-жылы Петербург ИАга ординар академик, 1878–82-жылдары орус физика-химиялык коомунун химия бөлүмүнүн (Н. Н. Зининден кийин) башчысы. Россиядагы жана чет элдик көп илимий коомдун ардактуу мүчөсү. Эксперименттик изилдөөсүн Парижде Ш. А. Вюрцтун лабораториясында улантып, иоддуу метиленди жаӊы ыкма менен синтездеген (1858). Ал 1-жолу гексаметилентетраминди (уротропин) жана формальдегиддин полимерин синтездеген. Формальдегиддин полимерин акиташ суусу менен иштетүүдөн 1-жолу кантты синтездеп алган (1861). «Заттардын химиялык түзүлүшү» деген докладында органикалык бирикмелердин түзүлүшү жөнүндөгү негизги идеясын айткан. Ал биринчилерден болуп изомерия кубулушуна түшүнүк берген.
Эмг.: Сочинения. Т. 1–3, М., 1953–58 (библ. трудов). Ад.: Быков Г. В. Александр Михайлович Бутлеров. М., 1961.