БУУРСУН
БУУРСУН – дыйканчылыкта жер айдоо үчүн колдонулган эӊ байыркы жөнөкөй эмгек куралы. Аны унаага (ат, өгүз, төө) чиркеп, жер айдашкан. Буурсун чыканак сымал ийилип өскөн жыгачтын катуу түрүнөн (кара жыгач, өрүк ж. б.) жасалып, тутка, жер коӊторгуч калак жана унаага

чиркелүүчү ок жыгачы болот. Калактын учуна коло же темир тиш бекитилген. Соко пайда болгонго чейин Буурсун жер айдоочу негизги курал болгон. Буурсун өтө жөнөкөй болгондуктан, жер тереӊ айдалбай, топурак жакшы майдаланбай, эгин начар чыгып, түшүм аз алынган.