ГРАНУЛОМЕТРИЯ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:51, 22 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГРАНУЛОМЕ́ТРИЯ (лат. granulum – бүртүкчө, данекче ж-а …метрия), г р а н у л о м е т р и я л ы к а н а л и з – борпоӊ тоо тектердин топурак ж-а жасалма материалдардагы бүртүкчөлөрдүн ар түрдүү өлчөмдөгү фракцияларын аныктай турган ыкмалардын жыйындысы. Борпоӊ тоотектер (галька, шагыл, кум, чопо, топурак ж. б.) минералдык ж-а орг. заттардын ар кандай өлчөмдөгү бөлүкчөлөрүнөн турат. Алар кесектигине карай белгилүү фракцияларга (класстарга) бөлүнөт. Бул үчүн аныкталуучу материал калбырдан өткөрүлүп анализделет. Натыйжада өзүнчө таблица ж-а график түзүлүп, андан кайсы фракция канча экендигин билүүгө болот. Г. тоотектердин физ. касиеттерин, пайда болуу шарттарын, курамын д. у. с. аныктоого мүмкүндүк берип, курулуш иштеринде, топурактын асылдуулугун билүүдө кеӊири колдонулат.