БЕЙЕС ФОРМУЛАСЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:12, 5 Декабрь (Бештин айы) 2024 карата Бекзат (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕ́ЙЕС ФОРМУЛАСЫ – окуялардын же гипотезалардын тажрыйбадан алынган ыктымалдыктарын тажрыйбага көз карандысыз ыктымалдыктар аркылуу эсептөөгө мүмкүндүк түзүүчү формулалар. A окуясы окуялардын толук тобун түзгөн B1, B2, ..., Bn биргелешпеген гипотезалардын бири пайда болгон шартта келип чыксын дейли, анда A окуясынын ыктымалдыгы ыктымалдыктын толук формуласы боюнча аныкталат:

= , мында , окуясынын пайда болушун эске алып эсептелген Α окуясынын шарттуу ыктымалдыгы. P(Bi) – Bi окуясынын тажрыйбага көз карандысыз ыктымалдыгы. Ал эми A окуясы пайда болгон шартта , , окуяларынын шарттуу ыктымалдыктары төмөнкү формула менен табылат:


Бул жерде болчок сызыгы , , .

Бейес формуласын 1763-жылы англиялык математик Т. Бейес далилдеген.
Ад.: Колмогоров А. Н. Основные понятия теории вероятностей. М., 1974.