ГИББС ЭНЕРГИЯСЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:47, 20 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГИББС ЭНЕРГИЯСЫ, и з о б а р а – и з о т е р м а л ы к п о т е н ц и а л, э р к и н э н т а л ь п и я – термодинамикалык потенциалдардын бири; көз каранды эмес параметрлер р (басым), Т (термод. темп-ра) ж-а N (системадагы бөлүкчөлөр саны) аркылуу термодинамикалык системаны мүнөздөөчү функция. Ал кээде G (кээде Z, Ф) деп белгиленет ж-а энтальпия H, энтропия S ж-а темп-ра T м-н G=H–TS барабардыгы аркылуу берилип, ал эми Гиббс энергиясы Гельмгольц энергиясы F м-н G=F+pV катнашы аркылуу байланышат. Ал курчап турган телолор м-н зат алмашуу процесстерин баяндап жазууда ыӊгайлуу. Термодинамикага Гиббс энергиясы түшүнүгүн америкалык физик Ж. У. Гиббс 1874-жылы киргизген. Турактуу басым кезинде жүргөн изотермалык теӊ салмактуулук процессинде Гиббс энергиясы азайып, максималдуу пайдалуу жумушка барабар. Гиббс энергиясы көбүнчө кДж/моль же кДж/кг аркылуу туюнтулат.