ГОМОГЕНДИК СИСТЕМА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:16, 22 Октябрь (Тогуздун айы) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГОМОГЕНДИК СИСТЕ́МА (гр. homogen |􀉟 s – бирдей, бир тектүү ) – мейкиндикте бир орундан экинчисине которулганда химиялык курамы, температурасы, басымы, чыӊалышы ж-а индукция векторлору, тыгыздыгы ж. б. физикалык касиеттери үзгүлтүксүз өзгөргөн термодинамикалык система. Ал бир тектүү ж-а бир тектүү эмес болуп айырмаланат. Бир тектүү Гомогендик системанын түрдүү бөлүктө-рүндө касиети бирдей, ал эми бир тектүү эмесинде ар түрдүү болот. Газ аралашмалары, катуу же суюк эритмелер Гомогендик системанын мисалы болуп эсептелет.