БАШТАПКЫ ФУНКЦИЯ
БАШТАПКЫ ФУ́НКЦИЯ – функциядан туунду алуу амалына тескери амал. Эгер x[a, b] үчүн F (x)=f(x) же dF(x)=f(x)dx барабардыгы аткарылса, анда F функциясы [a, b] аралыгында f(x) функциясынын баштапкы функциясы деп айтылат. Мис., f(x)=x2 функциясы (–) аралыгында берилсе, анда анын Б. ф-сы F(x) x 3 болот, себеби x =x2 баштапкы функция жалгыз эмес. Чынында эле, мурунку мисалдагы функция үчүн F(x) x +C (С – ар кандай турактуу функция) функциясы да баштапкы функция болот, себеби x =х2 ж-а x түрүндөгү функция (– аралыгындагы х2 функциясынын бардык баштапкы функциясынын көптүгүн камтыйт. Эгер f(x) функциясы үчүн [a, b] да эки F1 (x) ж-а F2 (x) баштапкы . функция аныкталса, анда ал баштапкы функциялар бири биринен турактуу чоӊдукка гана айырмаланышат, башкача айтканда F1 (x)=F2 (x)+C.
Ад.: Кудрявцев Л. Д. Курс математического анализа. Т. 2. М., 1981.
Б. Ш. Шабыкеев.