БИР МААНИЛҮҮ ФУНКЦИЯ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:14, 29 Ноябрь (Жетинин айы) 2024 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БИР МААНИЛҮҮ ФУ́НКЦИЯ – аныкталуу облусунан алынган аргументтин ар бир маанисине бир гана маани туура келүүчү функция. Мисалы, y=x2, y=sin x функциялары (– ∞,+∞) аралыгында бир маанилүү. Ал эми n аргументтин маанилеринин ар бир жыйындысында zтин бир гана мааниси табылса, анда z=f(x1, x2, ..., xn) бир маанилүү функция деп аталат. Мисалы, z=x2+y2 бүткүл OXY тегиздигинде бир маанилүү функция z=± 1 – x2y2 функциясы x2+y2≤1 тегерегинде бир маанилүү функция эмес.

Ад.: Кудрявцев Л. Д. Курс математического анализа. Т. 2. М., 1981.