ГИДРАВЛИКАЛЫК СОККУ
ГИДРАВЛИКАЛЫК СОККУ – түтүктөгү суюктук ылдамдыгынын өтө тез өзгөрүшүнөн анын басымынын кескин (көз ирмемде) өзгөрүү кубулушу (мисалы, түтүктүн бекиткичин тез жапканда). Орус окумуштуусу Н. Е. Жуковскийдин теориясына ылайык Гидравликалык соккудагы басымдын көбөйүшү Дp=p(v0–n1)с формуласы м-н аныкталат, мында Дp – Па м-н туюнтулган басымдын көбөйүшү, с – бирдиги кг/м3 болгон суюктук тыгыздыгы, v0 ж-а v1 – тиешелүү түрдө тосмо коюлганга чейинки ж-а коюлгандан кийинки м/сек м-н ченелген суюктуктун орточо ылдамдыктары, с – согуу толкунунун түтүктү бойлото таралуу ылдамдыгы. Абсолюттук катуу капталдуу түтүктө с үндүн суюктуктагы таралуу ылдамдыгына барабар (сууда =1400 м/сек). Капталы серпилгичтүү түтүктө c= E D E м-н аныкталат, мында D ж-а– тиешелүү түрдө түтүктүн диаметри ж-а калыӊдыгы, Е ж-а – түтүк жасалган материалдын ж-а андагы суюктуктун серпилгичтик модулдары. Басым өтө чоӊойгондо Гидравликалык сокку аварияга алып келбеси үчүн түтүктөргө ар түрдүү сактагычтар орнотулат.