ГИПЕРБОЛА ФУНКЦИЯЛАРЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:43, 15 Октябрь (Тогуздун айы) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГИПЕ́РБОЛА ФУНКЦИЯЛАРЫ – төмөнкү формулалар: 2 ex e x shx 􀀐􀀐􀀠гипербола синусу, 2 ex e x chx 􀀎􀀐􀀠гипербола косинусу, chx shx thx – гипербола тангенси ж-а cthx Shx chx гипербола котангенси м-н аныкталуучу функциялар. «Гипербола функциялары» терминин немис физиги ж-а математиги И. Ламберт киргизген (1768). Гипербола функцияларын (к. 1- чийме) тригонометриялык функциялар аркылуу да туюнтууга болот: shx=–isinix; chx=cosix (i= 􀀐1 ). Г. ф-нын мындай аталышын х2у2=1 теӊдемеси м-н берилген гиперболанын чекиттеринин абсциссасын гипербола косинусу, ал эми ординатасын гипербола синусу деп кароого болот, башкача айтканда гиперболанын параметрдик теӊдеме- си: х=cht, y=sht м-н берилет, мында t – параметри гиперболанын чокусунан чекитке чейинки жаа м-н ушул чекиттин радиус-вектору ж-а абсцисса огу м-н чектелген сектордук эки эселенген аянты (2-чийме). Гипербола функциялары 1707-жылы ж-а 1722-жылы англиялык математик А. Муаврга (1667–1754) белгилүү болгон. Анын негизги катыштарын италиялык математик В. Риккати тапкан (1757). Гипербола функциялары физика, механика, электр-техника ж. б. илим тармактарынын маселелерин чыгарууда колдонулат. Ошондой эле Лобачевский геометриясы үчүн да маанилүү.

1-чийме.
2-чийме.