ГУК ЗАКОНУ
ГУК ЗАКОНУ – серпилгич чөйрөдөгү чыӊалуу м-н кичине деформациялар арасындагы сызыктуу көз карандылыкты туюндуруучу закон. Англиялык физик Р. Гук 1660-жылы, уз. l ж-а туурасынан кесилиш аянты S болгон өзөккө F күчү м-н аракет этсе, анда анын узаруусу l ошол күчтүн чоӊдугуна түз көз каранды экендигин тапкан, башкача айткан l = kF, мында k=l/E . S (E – Юнг модулу). Гук законун төмөнкүчө жазууга болот: G = E . , мында G=F/S – нормалдуу чыӊалуу, =l/l – салыштырма узаруу. Жылышуудагы жантайма чыӊалуу t жылышуу деформациясына ( түз көз каранды, б. а. =G . , мында G – жылышуу модулу). Гук законун берилген материалдын касиетине жараша сырткы күч м-н деформациянын маанилери белгилүү чоӊдуктан ашпаганда орун алат.