ГАЛАКТИКА ЯДРОСУ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:43, 12 Август (Баш оона) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) (Temirkan moved page ГАЛАКТИКА ЯДРОСУ – to ГАЛАКТИКА ЯДРОСУ) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГАЛА́КТИКА ЯДРОСУ – Галактиканын Саманчы жолунун орто сызыгына дал келүүчү борбору. Галактика тегиздиги асман сферасын чоӊ тегерек боюнча кесип өтөт, ал г а л а к т и к а э к в а т о р у деп аталат. Жылдыздар чогулмасы Галактика ядросун көздөй көбөйөт, ошондо эле Галактика тегиздигинде көп топтолот. Галактика ядросу асман сферасында болжол м-н 30°х20° аянтты ээлейт, башкача айтканда өлчөмү бир нече килопарсекке (кпс) жетет. Галактика ядросунун түзүлүшү татаал ж-а жылдыз аралык жутулуу күчтүү болгондуктан, Галактиканын борбордук бөлүгүн изилдөө кыйын.