ГАЛАКТИКА ЯДРОСУ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:45, 15 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГАЛАКТИКА ЯДРОСУ - ́КТИКА ЯДРОСУ – Галактиканын Саманчы жолунун орто сызыгына дал келүүчү борбору. Галактика тегиздиги асман сферасын чоӊ тегерек боюнча кесип өтөт, ал г а л а к т и к а э к в а т о р у деп аталат. Жылдыздар чогулмасы Галактика ядросун көздөй көбөйөт, ошондо эле галактика тегиздигинде көп топтолот. Галактика ядросу асман сферасында болжол м-н 30°х20° аянтты ээлейт, башкача айтканда өлчөмү бир нече килопарсекке (кпс) жетет. Галактика ядросунун түзүлүшү татаал ж-а жылдыз аралык жутулуу күчтүү болгондуктан, Галактиканын борбордук бөлүгүн изилдөө кыйын.