ГАЛЬВАНОМЕТР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:59, 13 Август (Баш оона) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) (Temirkan moved page ГАЛЬВАНОМЕТР – to ГАЛЬВАНОМЕТР) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГАЛЬВАНОМЕ́ТР – эӊ аз токту, чыӊалууну ж-а электр санын өлчөөчү өтө сезгич прибор (к. Баллистикалык гальванометр). Электр тизмегиндеги токту же тизмектин кандайдыр бир эки чекиттин ортосундагы потенциалдарынын нөлдүк айырмасын аныктоодо нөл-индикатор катары кеӊири колдонулат. Көбүнчө магнитэлектрдик өлчөгүч механизми бар туруктуу ток кеӊири тараган. Анын сезгичтигин жогорулатуу үчүн оптикалык эсептегич түзүлүш пайдаланылат. Гальванометрдин сезгичтиги ж-а анын кыймылдуу бөлүгүнүн кыймылынын мүнөзү Гальванометрге бириктирилген сырткы электр тизмегинин каршылыгына көз каранды.