БИОНИКА
БИО́НИКА (гр. bion – жашоо элементи) – кибернетиканын бир бөлүмү. Жаӊы приборлорду, механизмдерди, системаларды түзүү үчүн тирүү организмдердин түзүлүш өзгөчөлүктөрү менен тиричилик аракетин изилдейт. Бионика биология, физика, химия, электроника, навигация ж. б. илимдер менен тыгыз байланышта. Бионика боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин негизги багыттары төмөнкү проблемаларды камтыйт: эсептөө техникасын жакшыртуу жана автоматика менен телемеханиканын жаӊы элементтерин, түзүлүштөрүн иштеп чыгуу жана өркүндөтүү максатында адам жана жаныбардын нерв системасын изилдөө, нерв клеткаларын (нейрондорду) жана нейрон торчолорун моделдөө; жаӊы билдиргичтерди жана байкоо системаларын иштеп чыгуу максатында жандуу организмдердин сезүү органдарын ж. б. кабыл алуучу системаларын изилдөө; техникада колдонуу үчүн ар түрдүү жаныбарлардын багыт табуу, локация жана навигация принциптерин анализдөө; техникалык жана илимий жаӊы идеяларды табуу максатында жандуу организмдердин морфологиялык, физиологиялык, биохимиялык өзгөчөлүктөрүн изилдөө. Нерв системасынын иштөө жана жандуу организмдердеги башкаруу процесстеринин өзгөчөлүктөрү нерв клеткаларынын структуралык өзгөчөлүктөрү менен аныкталат. Ушунун негизинде Биониканын өнүгүшү нейрондордун техникалык моделдерин түзүүдөн башталып, радиоэлектрондук элементтерден «нерв тармактары» пайда болгон. Эсти жана нерв системасынын башка касиеттерин изилдөө татаал өндүрүштүк процесстерди жана башкарууну автоматташтыруучу, «ойлонуучу» кибернетикалык машиналарды түзүүгө алып келди. Организмдердин информациялык системаларын: көпөлөктүн «антеннасын», балык жана сүт эмүүчүлөрдүн ультра үн байланышын, суу жаныбарларынын багыт табышын, аарынын «тилин», жарганаттардын ультраүн локациясын ж. б. изилдөө бионикада чоӊ орунду ээлейт. Табияттагы тыгыз, ийилчээк динамикалык күчкө туруктуу, тик өсүүчү конструкциялык формаларды (өсүмдүк сабагы, дарак сөӊгөгү) изилдөө менен бийик жана өтө бийик имараттардын долбоору иштелип чыгууда (Москвадагы Останкино телемунарасы ж. б.).
Ад.: Крайзмер Л. П., Сочиво В. П. Бионика. 2 изд., М., 1968; Нейрокомпьютеры – архитектура и реализация. М., 2000.