БИОПСИЯ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
06:42, 20 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (Кайра 12823 жокко Kadyrm (сюзюу)) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БИОПСИ́Я (био… ж-а гр. opsis – көрүнүш) – диагноз коюу максатында микроскоп менен изилдөө үчүн тирүү организмдин кандайдыр бир тканынан же органынан кесип алуу. Биопсия оору процессинин мүнөзүн (сезгенүү же шишик экенин) аныктоо үчүн жүргүзүлөт. Айрыкча шишиктин коркунучтуу түрлөрүн (рак, саркома) тактоодо мааниси чоӊ.