БИОПСИЯ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:27, 17 Апрель (Чын куран) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БИОПСИ́Я (био… ж-а гр. opsis – көрүнүш) – диагноз коюу максатында микроскоп менен изилдөө үчүн тирүү организмдин кандайдыр бир тканынан же органынан кесип алуу. Биопсия оору процессинин мүнөзүн (сезгенүү же шишик экенин) аныктоо үчүн жүргүзүлөт. Айрыкча шишиктин коркунучтуу түрлөрүн (рак, саркома) тактоодо мааниси чоӊ.