БИОТЕХНОЛОГИЯ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
06:47, 20 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БИОТЕХНОЛО́ГИЯ (био… ж-а технология) – адамга керек баалуу продукт алуу максатында микроорганизм, өсүмдүк жана жаныбарларды технологиялык өндүрүштө пайдалануу. Микрорганизмдердин ачытуу процессинин натыйжасында нан бышыруу, шарап, сыр даярдоо, пиво кайнатуу сыяктуу биотехноллогия тармактары байыртадан белгилүү болгон. Азыр анын жардамы менен ар кандай биологиялык активдүү заттар – гормондор, ферменттер, витаминдер, антибиотиктер, дары-дармектер алынат. Биотехнология ыкмалары айлана-чөйрөнү коргоодо өнөр жай өндүрүшүнөн чыккан таштандыларды, кир сууларды тазалоодо кеӊири колдонулат. Айыл чарба өсүмдүк зыянкечтерине жана илдеттерине каршы чыгарылган биопрепараттар, энергия жана ресурстарды үнөмдөөчү өндүрүш иштери, тоютка жана тамак-аш кошунду белокторун алуу ага негизделген. Ген жана клетка инженериясынын өнүгүшүнө байланыштуу мурда алынбаган өтө баалуу дары-дармектер (интерферон, кишинин өсүү гормону ж. б.), вакцинаны синтездөө, жаӊы пайдалуу микроорганизм түрлөрүн, өсүмдүк сортун, мал породасын жаратуу, мал чарбасындагы асыл тукум ишинде клетка технологиясын колдонуу ж. б. мүмкүнчүлүктөр пайда болду. Азыркы биотехнология биохимия, микробиология, молекулалык биология, генетика, иммунология, биофизика ж. б. илимдердин жетишкендиктерин пайдаланат.
Ад.: Сельскохозяйственная биотехнология /Под ред.акад. В.С. Шевелухи. М., 2003; Реннеберг Р., Реннеберг И. От пекарни до биофабрики. М., 1991.
Т. Дөөлөткелдиева.