БИОТИТ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
06:51, 20 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (Кайра 12857 жокко Kadyrm (сюзюу)) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БИОТИ́Т (фр. илимпоз Ж. Б. Бионун ысмынан) – слюдалар тобундагы минерал. Химиялык формуласы K(Fе, Mg)3[(Al2Fe)Si3O10](OH, F)2. Моноклин cингониясында кристаллданат. Өӊү кара, кара күрөӊ, кочкул жашыл, коӊур күрөӊ. Катуулугу Моос шкаласы боюнча 2,5–3. С. салм. 2,7–3,3. Тоо тектерди түзүүчү минерал иретинде ар түрдүү магма жана метаморфизм тоо тектеринин курамында болот. Биотит электр-техникасында жана боёк жасоодо колдонулат, к. Слюдалар.