БИРГЕ ЧӨГҮҮ
БИРГЕ ЧӨГҮҮ – чөктүрүү реакциясынын учурунда эритмеде эриген кошунду заттардын чөкмө менен кошо чөгүшү. Ал беттик абсорбция, окклюзия, изоморфизм процесстери аркылуу жүрөт. Эритмедеги өтө аз сандагы микрокомпоненттерди аныктоодо алардын концентрациясын жогорулатуу үчүн пайдаланылат. Бул учурда изилденүүчү эритмеге алдын-ала кандайдыр бир макрокомпонент кошуп, андан кийин ал туура келген чөктүргүч менен чөгөрүлөт. Чөкмө микрокомпонент менен кошо түшөт. Мындай чөктүрүү коллектор менен чөгөрүү деп аталат.