БИРДИК (Тогуз-Торо районундагы кыштак)

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:41, 20 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БИРДИК 2 – Жалалабат обл-нун Тогузторо р-нундагы кыштак. Көгирим айыл өкмөтүнө караштуу. Көгирим суусунун сол жээгинде, деӊиз деӊг. 1345 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Казарман кыш-нан 21 км батыш тарапта. Балыкчы темиржол бекетинен 431 км. Калкы 1082 (2006); негизинен талаачылыкта эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, балабакча бар. Кыштакта Соц. Эмг. Баатыры Б. Турдубаева туулган.