БИРЖА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:53, 18 Апрель (Чын куран) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БИ́РЖА (лат. bursa – капчык) – 1) дайыма иштеп турган дүӊ соода рыногунун‚ анын ичинен Эл аралык сооданын туруктуу жана так сапаттык параметри бар массалык товарларын (товардык Биржа) же сурам жана сунуштун негизинде баалуу кагаздарды‚ алтынды‚ валютаны (фондулук Биржа) же жалданма жумушчуларды (эмгек Биржа) сатып алуу жана сатуу боюнча системалык операциялардын уюштуруу формасы; 2) сатуучулар жана сатып алуучулар учурдагы колдонулган мыйзамынын баасы боюнча өз товарын сатууга мүмкүнчүлүк алат. Биржанын максаты – товарга адилет баа коюу.