БИРУНИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:43, 19 Апрель (Чын куран) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БИРУНИ́, (Беруни) А б у Р е й х а н [4. 10. 973, Кят (Каракалпакстан, Бируни шаары) – 13. 12. 1048, Газни шаары (азыркы Афганистан аймагында)] – орто азиялык илимпоз-энциклопедист, ойчул. Анын эмгектери негизинен тарых, математика, астрономия, география, топография, физика, медицина, геология, минерология ж. б. илимдердин тармактарын камтыган. Ал Орто Азия жана Ирандын шаарларында болуп атактуу астроном, математик Абу Наср Мансур ибн Ирактан сабак алган. 995–1010-жылдарда Иранда жашаган. 1000-жылы орто кылымдардын энциклопедиясы аталган «Байыркы муундардын эстеликтери»

деген айтылуу эмгегин жазган. 1010-ж. Хорезм акими Момун ибн Мухаммеддин көрсөтмөсү менен Үргөнчтө атайын Илимий академия («Момундун академиясы») уюштурулуп, анда Бирунинин жетектөөсү менен Ибн Сина, Массих, Хаммар, Мискавейх ж. б. көрүнүктүү окумуштуулар илимий-изилдөө иштерин жүргүзүшкөн. Бируни – «Геодезия», «Минерология», «Хронология», «Индия», «Масуд Канону» ж. б. 150дөй илимий эмгектин автору. «Хронология» деген эмгегинде дүйнөдө биринчилерден болуп, Батыш жана Чыгыш өлкөлөрүндө колдонулган жыл санактар системасы, алардын өзгөчөлүгү, түрдүү элдердин үрп-адаты, салт-санаасы тереӊ изилденген. Бируни грек, латын, араб, перс, түрк, хинди ж. б. тилдерди өздөштүргөн. Байыркы замандын окумуштуулары (Пифагор, Сократ, Платон, Аристотель, Гален, Птолемей) жөнүндө илимий эмгектерди жазган. Анын эмгектери табият таануу жана коомдук илимдердин тармактарын изилдөөгө багытталган. Бирунин поляк окумуштуусу Николай Коперниктен дээрлик 500 жыл мурда эле асман телолорун, Аалам түзүлүшүн, Күн системасын иликтеп, Жердин шар формасында экендигин жана ал өз огунда айлануу менен Күндү тегеренип жүрөт деген тыянакты илимий түрдө далилдеген. Галилей менен Ньютондон 600 жыл илгери телолордун Жерге тартылуусун болжогон. Арал деӊизинин жээгинен, Индистанда, Афганистанда астрологиялык байкоо иштерин жүргүзгөн. Д. Менделеевден 1000 жыл мурда көптөгөн металл, минерал жана химиялык заттардын салыштырмалуу салмагын изилдеп, так эсептеп чыккан. Биринчилерден болуп Жер шарынын радиусун эсептеп чыгып, ал 40 миӊ км түзөт деп жазган жана Жер шарынын глобусун жасаган. Анын пикири боюнча Күн – бул жанып турган от. Ал бөлүп чыгарган нурдун ылдамдыгын билүү өтө кыйын, аны үндүн гана ылдамдыгына теӊеп билүүгө мүмкүн. Бирок ал андан да чоӊ ылдамдыкта жүрөт деп эскерткен. Бирунинин математикасында геометрия жана тригонометрия маселелери изилденген. Анын географиялык чыгармаларында ошол кездеги белгилүү жерлердин баары айтылып, материктер картага түшүрүлгөн. Бируни биологиялык маселелерге да кызыккан. Ал ар түрдүү өсүмдүктөрдүн жана жаныбарлардын тиричилигин изилдеген. Тарых илими боюнча эмгектеринде 7-кылымдагы Муканнанын көтөрүлүшү, карматтар кыймылы жөнүндө маалыматтар камтылган. Кыргыздарды тили боюнча түрк элдерине кошуларын жана өздөрүнүн падышасын кан же хан деп аташарын эскерткен. Анын эмгектери англис, араб, орус, өзбек тилдерине которулган.


Эмг.: Избранные произведения. Т. 1–3, Т., 1957–66; Собрание сведений для познания драгоценностей (минерология). Л., 1963.