БИРЮЗА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:45, 19 Апрель (Чын куран) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БИРЮЗА́ (персче – фирузе) – фосфаттар тобундагы минерал. Химиялык формуласы CuAl6[РO4]4(OH)8· 4H2O. Триклин сингониясында кристаллданат. Өӊү асман сыяктуу көгүш, көгүлтүр жашыл. Катуулугу Моос шкаласы боюнча 5–6. С. салмагы 2,6–2,8. Бирюза алюминий кычкылы менен фосфаттарга бай талаа шпаттуу тоо тектерине жер бетиндеги жез жана иондуу суулардын тийгизген таасиринен пайда болот. Чала асыл таш катары кооздук буюмдардын жасалгаларында колдонулат.