БИСМАРК

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:42, 20 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БИ́СМАРК Отто Эдуард Леопольд фон Ш ё н х ау з е н (1.4.1815, Шенхаузен – 30.7.1898, Фридрихсру) – германдык мамл. ишмер; Германия империясынын биринчи рейхканцлери (1871– 90). 1859–62-ж. Пруссиянын Россиядагы, Франциядагы элчиси.

1862-жылдан Пруссиянын министр-президенти ж-а тышкы иштер министри, 1867-ж. Түн. Германдык Союзду түзгөндөн кийин бундесканцлер болгон. Б. франция-пруссия (1870–71) согуштарынан кийин Пруссиянын сунушу м-н Германияны бириктирүүнү толугу м-н ишке ашырып, Герман империясынын рейхсканцлери кызматын аткарган. Б. Германияда борборлошту-


рулган банк системасын ж-а жалпы акча бирдигин киргизген, мындан тышкары биртоп башкаруучулук жайындагы реформаларды ишке ашырган. Анын католик чиркөөсүнүн таасирин чектөөгө багытталган («культуркампф») иш-чаралары ийгиликсиз аяктаганына карабастан, өлкө б-ча мамл. кызматкерлер тарабынан көзөмөлдөнгөн билим берүүнүн пруссиялык системасы киргизилген. Б. герман парламентинин (рейхстаг) укуктарын чектөөгө аракеттенген жа «социалисттерге каршы өзгөчө мыйзам» киргизген. Социалдык камсыздоо системасынын тарыхында биринчи жолу социалдык камсыздоо б-ча бир катар мыйзамдар кабыл алынган. Тышкы саясатта анын демилгеси м-н алгач «Үч императордун союзу», кийин «Үчтүк союзу» уюштурулган. Б-тын улуттук экономиканы чыӊдоого багытталган саясатынын натыйжасында, Германияда өнөржайы ж-а соода өнүгүп, о. эле чет жерлерде жаӊы колониялар каратылган. Император Вильгельм I нин ордуна бийликке келген Вильгельм II өз бийлиги үчүн Б-тан чочулап, 1890-ж. аны отставкага кетүүгө аргасыз кылган.