БИХЕВИОРИЗМ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:23, 22 Апрель (Чын куран) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БИХЕВИОРИ́ЗМ (англ. behaviour – жүрүм-турум) – азыркы психологияда кеӊири тараган агым. Ал 19–20-кылымдардын ортосунда айбанаттардын психикасын эксперименттик изилдөөдөн улам пайда болгон. Анын жалпы методологиялык өбөлгөсү – позитивизмдин жана прагматизмдин философиясынын принциптери. Бул принциптер боюнча илим түздөн-түз баамга урунган нерсени гана сыпаттоого тийиш, ал эми түздөн-түз кабыл алынбаган маалыматтар менен ички механизмдерди талдоодон алгылыктуу тыянак чыгара албайт; ошон үчүн психологиялык аӊ-сезимди эмес, жүрүм-турумду изилдеш керек. Бихевиористтер аӊ-сезим деп субъективдүү маалыматтардын жыйындысын айтат. Аӊ-сезим тышкы дүйнөнү чагылдыра турган мээнин кызматы экенин алар танып, психиканын материалдык субстратын текшере турган мээнин физиологиясына каршы чыгат. Окууга америкалык илимпоз Э. Торндайк негиз салган, анын программасын түзгөн жана аны термин катары киргизген Ж. Уотсон болгон. Бихевиоризмдин илимий калыптанышы үчүн В. М. Бехтерев менен И. П. Павловдун эмгектери чоӊ роль ойногон. 20-кылымда машина менен которуу, программалап окутуу жөнүндөгү изилдөөлөрдө өнүктүрүлдү.