«БИШКЕК БОРБОРДУК ЛИКЁР-АРАК ЗАВОДУ»

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
06:32, 20 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (Кайра 13043 жокко Kadyrm (сюзюу)) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

«БИШКЕК БОРБОРДУК ЛИКЁР-АРАК ЗАВОДУ» – жоопкерчилиги чектелген коом (1999). 19-кылымда (1882) Пишпекте москвалык соодагер Иванов тарабынан алгачкы самогон заводу – спирт жана алкоголь продуктуларын чыгаруу боюнча ишкана курулган. Улуу Октябрь революциясынан кийин заводдун мүлкү мамлекеттин менчигине берилген. 1950-жылы мамлекеттик масштабда алкоголь продукциясын чыгаруу боюнча типтүү заводдун курулушу башталган. Өзүнүн чарбалык ишмердиги мезгилинде заводдун имараты жана курулмалары бир нече жолу реконструкцияланды. 1950-жылдан бир сменада 20,0 миӊ бутылка арак продукциясы чыгарылса, 60-жылдардын акырында өндүрүштүк жабдуулар алмашуунун натыйжасында чыгарылган продукциянын көлөмү 10 эсеге көбөйгөн. Азыркы учурда завод жалпысынан алкоголдук продукциянын 14 түрүн чыгарат, анын ичинен «Арашан» кыргыз бальзамы республиканын чегинен тышкары да белгилүү.