БИШКЕК САММИТИ
БИШКЕК САММИТИ – Кыргыз Республикасынын борбору Бишкек шаарында 2007-жылы 16-августта Шанхай Кызматташтык Уюмуна (ШКУ) мүчө-мамлекет башчыларынын: Казакстан Республикасынын Президенти Н. Назарбаевдин, Кытай Эл Республикасынын төрагасы Ху Цзиньтаонун, КРдин Президенти К. Бакиевдин, РФтин Президенти В. Путиндин, Тажикстан Республикасынын Президенти Э. Рахмондун, Өзбекстан Республикасынын Президенти И. Каримовдун катышуусу менен өткөн жетинчи жыйын (саммит). Алты өлкөнүн мамлекет башчылары жана өкмөттүк жетекчилер: Афганистандын Президенти Х. Карзай, Индиянын нефть жана жаратылыш газ министри М. Деор, Иран Ислам Респликасынын Президенти М. Ахмединежад, Монголиянын Президенти Н. Энхбаяр, Пакистандын тышкы иштер министри Х. Касури, Түркмөнстандын Президенти Г. М. Бердымухаммедов эл аралык байкоочулар катары катышты. Бул саясий форум дүйнөлүк коомчулуктун активдүү кызыгуусун туудурду. 12 өлкөнүн башчылары жана жетекчилери катышкан бул эл аралык ири жыйын ар тараптуу жолугушуулардын, сүйлөшүүлөрдүн жана кызыкдар болгон маселелер боюнча активдүү пикир алышуулардын аренасы болду. Бул саммитте ШКУ мүчөлөрү эл аралык маанидеги документти — Бишкек декларациясын кабыл алышты.

«БИШКЕКСҮТ» – ачык акционердик коом (2000). 1992-жылы Фрунзе сүт комбинатынын базасында уюшулган. Кыргызстанда сүт өндүрүү жана сүт азыктарын кайра иштетүү боюнча ири ишкана 1991-жылы ишке киргизилген. Суткасына 200 т сүт иштетүү мүмкүнчүлүгү бар. 2000-жылы «Вимм-Билль-Дан продукты питания» Россия компаниясы акцияларынын контролдук пакетин сатып алган. 2002-жылы заводдун бир цехинде стерилденген сүт өндүрүү линиясы орнотулган. Анда саатына 8т стерилденген сүт чыгарылат. Заводдун продукциялары башка өлкөлөргө (Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан) экспорттолот.