БЛЕННОРЕЯ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:43, 8 Октябрь (Тогуздун айы) 2024 карата Ayday (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЛЕННОРЕ́Я (гр. blйnnos – былжыр ж-а zhйу – агам) – көздүн былжыр челинин гонококктор пайда кылуучу жугуштуу оорусу. Көздөн чылпак көп чыгып, көз жапкагы шишип, катууланат, жээги кызарат. Бленнорея ымыркайларда жана чоӊ кишилерде кездешет. Ымыркайга оорулуу энеден төрөт убагында, чоӊ кишилерге кир колу, сүлгү ж. б. аркылуу жугат. Анын белгилери билинери менен тезинен врачка кайрылуу керек. Убагында дарыланбаса көзгө конок конуп, ак басып көрбөй калышы мүмкүн. Алдын алуу үчүн ымыркайдын көзүнө азот кычкыл күмүштүн 2%дуу эритмесин же антибиотик тамызуу, ошондой эле эненин сүзөк (гонорея) оорусун дарылоо зарыл.