БЛИНТ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:42, 20 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЛИНТ (нем. Blind – сокур) – китеп мукабасына же калыӊ кагазга батырылган боёксуз издин кыскартылып аталышы. Б-төөдө жалпак штамп м-н китеп мукабасына кездеме же кагаз фактурасын жылмалоочу тереӊ батырылган из (наар) калтырат. Китеп мукабасын жасалгалоодо, анын бетин боёк же фольга м-н басууга даярдоонун өзалдынча ыкмасы катары пайдаланылат.