БЛИНТ
БЛИНТ (нем. вlind – сокур) – китеп мукабасына же калыӊ кагазга батырылган боёксуз издин кыскартылып аталышы. Блинттөөдө жалпак штамп менен китеп мукабасына кездеме же кагаз фактурасын жылмалоочу тереӊ батырылган из (наар) калтырат. Китеп мукабасын жасалгалоодо, анын бетин боёк же фольга менен басууга даярдоонун өз алдынча ыкмасы катары пайдаланылат.