БОВЕ
БО́ВЕ Осип (Иосиф) Иванович (1784–1834) – орус архитектору. Ампир өкүлү. Сүрөтчүнүн үй-бүлөсүндө туулган. Москва архитектура мектебинен окуган (1802–1807). 1812-жылдагы өрттөн кийин Москваны калыбына келтирүү комиссиясынын башкы архитектору. Бовенин катышуусунда Кызыл аянт оңдоп-түзөтүлгөн. Театр аянты Чоӊ театр менен (1821–1824), Александр багы (1820–1822), Салтанат дарбазасы (1827–1834), шаардык 1-оорукана (1828–1832) анын долбоору боюнча курулган.

(1828–32).