БОГДАНОВА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:42, 20 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БОГДА́НОВА Медине Искандеровна (1908, Бухара – 1962, Москва) – адабиятчы, Борб. Азия элдеринин ад-ттары б-ча көрүнүктүү адис. О. Азия мамл. ун-тинин (САГУ) Чыгыштаануу ф-тинин бир эле учурда эки бөлүмүн (түрк ж-а иран) бүтүргөн. Горький атн. ад-т ин-тунда иштеп жүргөндө Улуу Ата Мекендик согуш башталып, белгилүү ад-тчы-окумуштуулар: В. М. Жирмунский, П. Н. Берков ж. б. м-н кошо Кырг-нга келип, Кыргыз ССР ИАнын фольклор ж-а «Манас» секторун жетектеген. Анын ил. иштеринин көбү кыргыз ад-ты м-н байланыштуу. Орус тилинде кыргыз ад-тынын туӊгуч очеркин, улуу акын Токтогулдун өмүрү ж-а чыг-лыгы ж-дө монография (1960) чыгарган. Кыргыз фольклорун биринчи классификациялаган. «Манас» эпосун изилдөөдө Б-нын «Кыргыздын баатырдык “Манас” эпосу жөнүндө» деген эмгеги негизги иштеринин бири болуп эсептелет. Ж.Таштемиров, Б. Керимжанова, Б. Маленов, К. Иманалиев, Ш. Үмөталиев, М. Борбугулов, Р. Кыдырбаева сыяктуу окумуштууларга ил. жетекчи болуп, кыргыз ад-т изилдөөчүлөрүн тарбиялоодо да зор эмгек сиӊирген.