БОГЕМИЯ АЙНЕГИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:05, 20 Июнь (Кулжа) 2024 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БОГЕ́МИЯ АЙНЕГИ, ч е х а й н е г и – Чехияда (Богемияда) өнүккөн көркөм өнөрчүлүктөн чыккан буюмдар. XIV–XV кылымдан белгилүү. Аны жасоо XVI кылымдын аягынан император Рудольф IIнин тушунда айнекке кесип сүрөт түшүрүү техникасы иштелип чыккандан баштап жакшы өөрчүгөн. Богемия айнеги XVII кылымдын экинчи жарымында барокко мезгилинен кеӊири белгилүү, ал учурда кыр чыгарылган чех хрусталы жасала баштаган. Азыркы Богемия айнегине салт болуп калган кыр чыгаруу ыкмалары менен катар, түс, тунуктук жана фактуралык натыйжа бере турган башка пластикалык айкын формалар мүнөздүү.